Орусиялык ырчы МакSим өзү толук ишенген айрым адамдардан оор учурда жаман жоруктарды күтпөгөнүн айтты. Бул тууралуу орус басылмалары жазышты.
Маалыматка ылайык, МакSим ооруп жаткан учурда жакындары анын документтерин кайра каттап, жасалма кол топтой баштаганын билдирген.
"Булар 15-20 жыл жанымда жүргөн, мен аларга абдан ишенген эле адамдар. Моюнума алам, жашоомдогу байланыштардын 90 пайызын өчүрдүм", - деген ал.
Мындан тышкары, ал ден сооолугу калыбына абдан жай келип жатканын, учурда ырдоого болбоорун айткан.
Эске салсак, ырчы МакSимдин өпкөсүнүн 40 пайызы жабыркап, ооруканага жаткырылганы 2021-жылдын 16-июнунда белгилүү болгон. Кийинчерээк андан дагы бир илдет аныкталып, ырчы оор абалда жасалма комада жаткандыгы кабарланган. Өз кезегинде орусиялык ырчы Стас Барецкий аны акыркы сапарга узатуу зыйнатына жардам берүүгө даяр экенин айткан.