Эркин Абдрахманов Кант шаарынын мэри болуп шайланды

Кант шаарынын мэри болуп Эркин Абдрахманов шайланды. Бул тууралуу бүгүн, 22-ноябрда Борбордук шайлоо комиссиясынан маалымдашты. 
 Маалыматка караганда шаар мэрлиги үчүн Эркин Абдрахманов (КСДП), Бакаш Кожогулов ("Ата Мекен"), Курманбек Молдокулов (Ак-Шумкар) жана Бакыт Жунушов (СССР) ат салышкан. Мэрди тандоого шаардык кеңештин 31 депутаты катышкан. 1-турда Эркин Абдрахманов менен Бакыт Жунушов 13 добуш, Курманбек Молдокулов 5, Бакаш Кожогулов 0 добуш алган. Экинчи турда Эркин Абдрахманов 16 добуш алып Кант шаарынын мэри болуп дайындалган. 
Эркин Абдрахманов 1973-жылы Бишкек шаарында төрөлгөн. Үй-бүлөлүү. Буга чейин Чүй облусунун Ысык-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын аппарат башчысы кызматында иштеген. 
 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан