Бишкекте бүгүн, 22-ноябрда
“Ата Мекен” фракциясынын жыйынында Транспорт жана коммуникация министри Калыкбек
Султанов Түндүк-Түштүк альтернативдик унаа жолунун курулушу тууралуу маалымат
берди.
Ал Бишкек-Ош жолунда күн сайын 350гө жакын унаалар өтөрүн жана жаңы трассага
болгон муктаждыкты эл түшүнүп тургандыгын айтты. Мындан сырткары бүгүнкү күндө курулуштун биринчи
фазасы бүтүп, экинчи фазасын 2013-жылдын аягына бүтүрүү пландалып жатканын
кошумчалады.
“Каражаттар “Эксимбанк” тарабынан бөлүндү. 20 жыл ичинде төлөө
үчүн 400 миллион доллар насыя берилди. Кышында Бишкек-Ош жолундагы
кыйынчылыктарды билебиз. Тоннель 1969-жылы курулган. Унаалар үчүн бир топ
кыйынчылыктар жаралгандыктан өлкөдө аталган альтернативдик жолду куруу
демилгеси көтөрүлүп чыккан”,- деди ал.