Жогорку Кеңештин төрагасы
Асылбек Жээнбеков бүгүн, 22-ноябрда ЕККУнун Улуттук азчылык иштери боюнча
комиссары Астрид Торсту кабыл алды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы
маалымдайт.
Жолугушуу учурунда
Асылбек Жээнбеков Астрид Торсту ЕККУнун Улуттук азчылык иштери боюнча жогорку комиссар
кызматына дайындалганы менен куттуктады. Ошондой эле төрага Астрид Торско Кыргызстандагы
этникалар ортосундагы ынтымакты сактоо жаатында жүргүзүлүп жаткан мамлекеттик
саясат менен Кыргыз Республикасынын калк биримдиги жана этникалар ортосундагы
мамилени бекемдөө концепциясын ишке ашыруу багытында көрүлүп жаткан чаралар
жөнүндө маалымат берди.
Өз учурунда Астрид Торс Асылбек Жээнбековго ЕККУнун Улуттук азчылык иштери боюнча комиссиясы менен
Кыргызстан ортосундагы тыгыз кызматташтык мындан ары да улантыларын билдирди.
Жолугушуу өлкөдөгү
улуттар аралык ынтымакты сактоого жана Кыргызстан элдеринин ынтымагын
бекемдөөгө тийиштүү маселелер тууралуу кеңири пикир алышуу менен коштолду.