"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасы Асылбек Жээнбеков бүгүн, 22-ноябрда Катар мамлекетинин Кыргыз Республикасындагы атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Мохаммед Аль-Наимини кабыл алды" деп билдирет Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы.
Төрага элчини Кыргызстандагы дипломатиялык ишинин башталышы менен куттуктап, Кыргызстанда Катардын элчилигинин ачылышы менен эки өлкө ортосундагы кызматташтык мамилелер жандана баштаганын айтты. Ал Катардын экономикалык жана инвестициялык мүмкүнчүлүгүн белгилеп, кыргыз тарап эки тараптуу мамилелердин өнүгүшүнө кызыкдар экенин билдирди.
Ал эми элчи Мохаммед Аль-Наими ушу тапта Кыргызстан менен ар түрдүү тармактарда, анын ичинде аба каттамдары боюнча кызматташуу жөнүндө келишимдердин долбоорлору иштелип чыгып жатканын билдирди. Катардын инвесторлору айрыкча тоо-кен өнөр жайы, айыл чарба тармактарында кызматташууга кызыкдар болуп жатканын айтты.