Акыркы суткада 132 бейтап коронавирус илдетинен сакайды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, республика боюнча стационардык дарыланууда жалпы 199 бейтап, ал эми амбулатордук дарыланууда 905 бейтап бар.
Ооруканаларда дарыланып жаткан 199 бейтаптын ичинен:
орто оор абалда - 82;
оор абалда - 93;
өтө оор абалда - 24.
Жалпы илдеттен айыккандардын саны 194 796 бейтапты түздү.