Биз социалдык тармакта

Көк-Арт ашуусунда кар көчкү алдында калган кытайлык компанияга таандык унаа табылды

11 күн мурда Жалал-Абад облусунун Көк-Арт ашуусунда, тактап айтканда Түндүк-Түштүк (Балыкчы-Казарман-Жалал-Абад) альтернативдик унаа жолунда кар көчкү түшкөн. Кар көчкү "Чайна Роуд" кытайлык компаниянын 4 кызматкерин жана ишканага таандык унааларды басып калган.
Издөө-куткаруу иштеринин жүрүшүндө 24-февралда саат 16:30да Пикап унаасы табылды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашкандай, унаанын ичинде адам болгон эмес.
Учурда "Чайна Роуд" ишканасынын 1 кызматкери дайынсыз болууда.
Эскерте кетсек, 14-февралда Түндүк-Түштүк (Балыкчы-Казарман-Жалал-Абад) альтернативдик унаа жолунун 332 жана 338-чакырымындарында кар көчкү түшүп, 4 адамды кар көчкү басып калган. Алардын үчөө куткарылган.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан