Өткөн суткада 8 231 адам коронавируска каршы эмдөөдөн өттү. Бул тууралуу республикалык штабдан маалымдашты.
Штабдан билдиришкендей, вакцинанын III доза менен эмдөө алгандардын саны 111 172 миңди түздү.
Эмдөөдөн өткөн 1 428 438 адам вакцинанын I дозасы менен эмделди. Ал эми 1 156 577 жаран вакцинанын II дозасын алышкан.
Бустердик эмдөөдөн 1575 адам өттү.
Белгилей кетсек, өлкөдө эмдөө кампаниясы 29-мартта башталган.