Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев 22-ноябрда улуттар азчылыгы иштери боюнча Европадагы коопсуздук жана
кызматташтык боюнча уюмунун жогорку комиссары Астрид
Торсту кабыл алды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы
билдирди.
Мамлекет башчысы Астрид Торс айымды улуттар азчылыгы иштери боюнча жогорку комиссары кызматына шайланышы менен
куттуктады. Ошондой эле этностор
аралык мамилелер боюнча Кыргызстан
ЕККУнун жогорку комиссары менен
кызматташуу мындан ары чыңдаларына ишенимин билдирди.
Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстандын
этностор саясатын ишке ашыруунун негизги багыттары талкууланды. Тараптар көп тилдүү жана көп кырдуу маданиятты, билимдин артыкчылыгын сактоого токтолушту.
Мындан
сырткары улуттар азчылыгынын укуктарын коргоодо эл аралык нормаларды сактоо
жана ачык башкаруунун түрдүү
маселелери талкууланды.
Астрид Торс Кыргызстан менен кызматташууга, өлкөдө
тынчтыкты жана ынтымакташтыкты чыңдоого
кызыкдар экендигин билдирди.