Биз социалдык тармакта

Украинадагы кырдаал. Элчи Киевден 100дөн ашык Кыргыз жараны Венгрияга чыгып кеткенин кабарлады

Украинадан эвакуацияланып жаткан Кыргыз жарандары Венгриянын чек арасына жетип, көзөмөл өткөрүү жайынан өтүп жатышат. Бул туурасында Кыргыз өлкөсүнүн Украинадагы элчиси Идрис Кадыркулов кабарлады.
Элчинин маалыматына ылайык, 112 Кыргыз жараны (анын экөө элчиликтин кызматкери) автобус менен Киевден чыгып, 20 сааттан кийин Украина-Венгрия чек арасына жетишти.
"Учурда мекендештер көзөмөл өткөрүү пунктунан өтүп жатышат. Венгриядан аларды Кыргыз өлкөсүнүн элчилигинин кызматкерлери тосуп алышат.
Белгилей кетсек, чек арадан өтүүдө кыйынчылыктар жаралды. Тагыраагы, айрым мекендештерибиз Украинада жүрүү мөөнөтүн (каттоосу жок жүргөнүнө 90 күндөн ашкан) сактаган эмес. Бул маселелер жеринде ыкчам чечилүүдө.
Ошондой эле Украина-Венгрия маршруту менен бара жаткан 3 Кыргыз жараны багытын өзгөртүүнү каалап, өз алдынча Польшага кетишти", - деди Идрис Кадыркулов.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан