Бүгүн, 1-мартка карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 8 миллиард 155 миллион метр кубду түздү. Бул тууралуу "Электр станциялары" ачык акционердик коомунун басма сөз кызматынан кабарлашты.
"1-мартка карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 8 миллиард 155 миллион метр кубду түздү. Суунун орточо күндүк агып кириши секундасына 155 метр куб, агып чыгышы 448 метр кубду түзүүдө", - деп билдиришти мекемеден.
Кечээ, 28-февралда суу сактагычта 8 миллиард 180 миллион метр куб суу бар болчу.