Бир суткада 2 медицина кызматкеринен коронавирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.
Жалпысынан республика боюнча 7 миң 744 медицина кызматкеринен коронавирус аныкталды. Алардын ичинен бир суткада стационардан – 1 медицина кызматкери айыгып чыкты. Үй карантинден – 10 медицина кызматкери айыгып чыкты.