10 Кыргыз жараны Украинанын согуш жүрүп жаткан шаарынан коопсуз жайга жеткирилди. Бул тууралуу Кыргыз өлкөсүнүн Украинадагы элчиси Идрис Кадыркулов кабарлады.
Элчинин айтымында, Украинада түн салыштырмалуу тынч өттү.
“Жакшы кабар бар, Борисполь шаарынан алып чыга албай жаткан аял жана анын кичинекей баласы учурда Польшада.
Ошондой эле аскердик кагылышуу болуп жаткан Ирпень шаарынан 2 кыргыз үй-бүлөсү Украинанын борборуна жеткирилди. Учурда коопсуз райондо. Аларды Киев шаарына Украинанын аскерлери жеткирген”, - деди элчи.
Ошондой эле дипломат Кыргыз жарандарына колдорунан келген көмөгүн берип жаткан украин элине ыраазычылыгын билдирген.