Асылбек Жээнбеков Кытайдын Кыргызстандагы элчисине "Датка-Кемин" сыяктуу ири долбоорлорду ишке ашыруу зарыл экенин айтты

Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков 22-ноябрда Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ци Даюйду кабыл алды.

 

Төрага Кытайдан Кыргызстандын аймагы аркылуу өтүүчү трансулуттук темир жолдун курулушу, “Датка-Кемин” электр өткөрүү чордону, унаа жолу, Бишкек шаарындагы ЖЭБди реконструкциялоо сындуу биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу зарылдыгын билдирди.

 

Ал эми элчи Кытай өлкөсүнүн төрагасы Си Цзиньпиндин Кыргызстанга болгон мамлекеттик иш сапарын эскерип, ушул жылдан тарта кыргыз-кытай мамилелери өзгөчө жандана баштаганын айтты. Ал аталган иш сапардын Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы кызматташууну жаңы деңгээлге көтөрөрүнө бекем ишенерин кошумчалады. Ошондой эле элчи кийинки жылы Жогорку Кеңештин жетекчилигинин деңгээлинде Кытайга иш сапар пландаштырылып жатканын да маалымдады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан