Биз социалдык тармакта

Баткенде мамлекеттик туунун 30 жылдыгы белгиленди

Баткенде мамлекеттик туунун 30 жылдыгы белгиленди. Бул тууралуу Баткен ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 3-мартта Баткен облусундагы ички иштер органдарынын кызматкерлери жер-жерлерде мамлекеттик туунун 30 жылдык майрамын белгилешти. Анда саптык тизилүүдөгү өздүк курамга Кыргыз мамлекеттик символдорунун жаралуу тарыхы жеткирилди.

Баткен ОИИБинин жетекчисинин орун басары К.Салиев мамлекеттик туу эгемендиктин, биримдиктин, мекенге болгон сүйүүнүн, жаратмандыктын символу экенин айтып, өздүк курамды бүгүнкү майрамы менен куттуктады.

Баткен ОИИБинин ардагерлер кеңешинин төрагасы Ниймат Арапов дагы өздүк курамды бүгүнкү майрамы менен куттуктап, өлкөбүзгө тынчтык жана туруктуулукту, кыргыз желеги ар дайым желбиреп туруусун каалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан