Бишкектин Биринчи Май райондук соту 13-ноябрда Транспорт жана коммуникация министрлигинин алдындагы Автомобиль жана суу транспорту мамлекеттик агенттигинин бөлүм башчысы Р.А. Жаныбековго чечим чыгарды. Айта кетсек, аталган мамкызматкер кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланды жана жеке ишкерден пара талап кылды деген айып тагылган эле. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдиргендей, сот Р.А. Жаныбековду күнөөлүү деп таап 300 миң сом айып пул төлөтүү чечимин чыгарды. Ошондой эле 3 жылга чейин мамлекеттик кызматта иштей албайт.
Эскерте кетсек, Р.А. Жаныбеков 2013-жылдын 31-майында УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы тарабынан пара алып жаткан жеринен кармалган болчу.