Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын жетекчиси Мелис Турганбаев 24-ноябрда Бишкек шаардык жол кайгуул кызматынын аппарат кызматкерлери жана офицердик курамы менен жолугушуу өткөрдү. Муну аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди. Жолугушууда Турганбаев шаарда тартипти орнотуу маселесине токтолду.
“Шаардагы негизги көйгөйлөрдүн бири - автоунааларды көчөгө токтотуу. Көчөгө туура эмес токтотулган унаалардын көйгөйүн кантип чечүү ыкмаларын жол кайгуул кызматы табышы керек. Жаңы пландарды иштеп чыгуу зарыл”,- деди Турганбаев.
Жолугушууда коомдук унаалардын айдоочуларынын жол эрежесин бузуусу, жүргүнчү ташыган автоунаалардын техникалык абалын текшерип туруу маселеси айтылды.
Турганбаев жол эрежесин бузган айдоочуларга жазаны күчөтүү зарыл экенин билдирди. Жол кырсыгына кабылып, окуя болгон жерден качып кеткен айдоочуларды издөөнү жандандыруу тапшырмасы да айтылды.