Жалал-Абадда "Тазалык" мекемесине үч жаңы техника тапшырылды. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, таштанды жыйноочу унааларды сатып алуу үчүн 18 миллион 150 миң сом жумшалган. Анын 12 миллион 150 миң сому облустук өнүктүрүү фондунан болсо, калган каражат жергиликтүү бюджеттен каржыланган.
Жаңы техникаларды тапшыруу иш-чарасына президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлү Абсаттар Сыргабаев, шаар мэри Эрнисбек Ормоков жана шаардык кеңештин төрагасы Нуртилек Орозбаев катышты.
Мэриядан алдыда аталган мекемеге "Жаратылышты өнүктүрүү" фонду тарабынан дагы атайын таштанды ташуучу 4 автоунаа келерин кошумчалашты.