Биз социалдык тармакта

Садыр Жапаров Ваагн Хачатрянды Армениянын президенти кызматына шайланышы менен куттуктады

Президент Садыр Жапаров Ваагн Хачатрянды Армениянын президенти кызматына шайланышы менен куттуктады. Бул тууралуу президенттик администрациянын басма сөз кызматынан билдиришти.

"Кыргыз мамлекети менен Армениянын ортосунда калыптанып калган достук мамилелер мамлекеттерибиздин ортосундагы кызматташтыктын мындан ары өнүгүшүнө жана евразия мейкиндигиндеги интеграциялоо процесстеринин тереңдешине өбөлгө түзөт деп ишенем", - деп айтылат мамлекет башчынын куттуктоосунда.

Садыр Жапаров Ваагн Хачатряга чың ден соолук жана мамлекеттик ишмердүүлүгүндө ийгиликтерди, ал эми дос мамиледеги Армениянын элине тынчтык жана гүлдөп-өнүгүү каалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан