Бүгүн, 25-ноябрда Ош шаардык мэриясынын алдындагы мамлекеттик тил комиссиясы тарабынан көркөм окуу боюнча иш-чара уюштурулууда. Бул тууралуу шаардагы мамлекеттик тил комиссиясынын адиси Эркайым Маматкарим кызы билдирет. Аталган иш-чара жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 85 жылдыгына арналган бир айлыктын алкагында өтүп жатат. “Иш-чаранын максаты мектеп окуучулары арасында жазуучунун чыгармаларын кеңири жайылтуу болуп саналат”- дейт бул тууралуу Эркайым Маматкарим кызы.