Депутат Ахматбек Келдибековдун тарапташтары Ош-Эркечтам трассасын тосушту. Муну SUPER.KG порталына бүгүн, 25-ноябрда облус тургуну Байзак Жунусов билдирди. Ал билдиргендей, унаа жолу учурда жабык. Жолду тоскондор Сопу-Коргон айылынын (А.Келдибековдун туулган айылы) тургундары.
Эскерте кетсек, А.Келдибеков 20-ноябрда кармалып, 22-ноябрда баш коргоо чарасы катары 2 айга камакка алуу чечими чыккан. Депутат ири коррупциялык иштер боюнча айыпталып жатат.