Парламенттин Эл аралык иштер боюнча комитетинин 25-ноябрдагы жыйынында вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашевдин фирмалары жөнүндө маселе көтөрүлдү. Депутат Максат Сабиров ("Республика") “Гезиттер жарыялады, Сарпашевдин фирмалары түркиялык кредиттин эсебинен жарыяланган 30 миллион долларлык тендерде утуп чыгыптыр”,- деди.
Депутат өлкө алган насыянын эсебинен өкмөт бизнес жасап жатканын кошумчалады.