Президенттер: 15 жыл чалгынчылык кызматта иштеген Орусиянын президенти Владимир Путин тууралуу кызыктар

Орусия - аянты жагынан дүйнөдөгү эң чоң мамлекет. Батышына таң атса, чыгышына кеч кирген бул өлкө көптөгөн тармакта дүйнөлүк тизменин алдынкы катарынан орун алган. Куралдуу күчтөрү жагынан дүйнөдө АКШга тең тайлашкан жалгыз өлкө да Орусия экендиги баарыбызга маалым.

Президенттер рубрикабыздын бул жолку чыгарылышында мына ушул дүйнөлүк ири державанын учурдагы өлкө башчысы Владимир Путин тууралуу айтып беребиз. Анда сөз башынан болсун...

Ашпозчудан жоокер, жоокерден президент

Владимир Владимирович Путин 1952-жылы 7-октябрда Орусиянын Ленинград (азыркы Санкт-Петербург) шаарында жарык дүйнөгө келген. Атасы Владимир Спиридонович Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу, Кызыл Армиянын катарындагы 86-аткычтар дивизиясынын жоокери болгон. Ал эми апасы Мария Ивановна Ата Мекендик согуш убагында заводдо эмгектенген. Үй-бүлөдө 3 бир туугандын эң кичүүсү. Бирок эки агасы (Альберт жана Виктор) ал төрөлгөнгө чейин эле каза болуп калган.

Дагы бир кызыктуу маалымат: Путиндин чоң атасы Спиридон Иванович өз учурунда Петербургдагы чоң ашпозчулардын бири болгон. Ал мамлекеттик кызматкерлердин маанилүү жолугушууларындагы дасторкон даярдыгы үчүн атайын ашканага чакыртылып турган. Спиридон Ивановичтин ашпозчулук чеберчилигине Ленин, Сталин, Хрущёв баш болгон Советтик Орусиянын жетекчилери мыкты баасын бергендиги айтылат.

Самбо жана дзюдо боюнча спорт чебери

Владимир Путин Ленинграддагы орто мектепте билим алган. Классында ийгиликтүү окуучулардын катарын толуктабаса да, гуманитардык илимдерге жана спортко кызыгуусу күч болгон. Ал 11 жашынан тартып машыктыруучу Анатолий Рахлиндин колунда самбо спорту менен алектене баштаган. Кийин убактысынын көп бөлүгүн спортко бөлүп, самбо жана дзюдо боюнча Ленинграддын чемпиону болгонго чейин жеткен. Мындан тышкары каскадёрлукта күчүн сынап "Ленфильм" тарткан бир катар тасмаларда татаал эпизоддордо роль жараткан. Болочок өлкө башчысынын спорттогу ийгиликтеринин да өз себеби бар.

Чалгынчы болууну кыялданган

Путин бала кезинде чалгынчы болууну абдан кыялданган. Бул кызматта иштесем дегенде "эки көзү төрт болгон" окуучу чалгынчылар тууралуу китептерди калтырбай окуп, тасмаларды жантыгынан түшүп алып көргөнү айтылат. Өлкө башчысынын өзүнүн айтымында, ал орто мектепти аяктары менен 17 жашында СССРдин Мамлекеттик коопсуздук кызматынын Ленинграддагы бөлүмүнө ишке кирүү үчүн барган. Бирок эшикте турган кароолчу ага мыйыгынан күлүп, чалгынчы болуу үчүн алгач гуманитардык илимдерди мыктап окуп, анан спорт менен машыгуу керектигин айткан. Путиндин спортко көп убакыт бөлүп, активдүү алектенип калышына дал ушул окуя себеп болгон.

СССРдин Германиядагы чалгынчысы

1970-жылы Ленинград мамлекеттик университетинин (ЛГУ) Юридикалык факультетине тапшырган. 1975-жылы аталган окуу жайды аяктап, абалкы кыялы болгон Мамлекеттик коопсуздук кызматына жумушка алынган. Алгач ыкчам кадрларды даярдоо курсунда окуп, андан соң Ленинград шаарындагы тергөө бөлүмүнүн контрчалгын кызматында иштеп баштаган. Ал Мамлекеттик коопсуздук комитетинде 1990-жылга чейин кызмат өтөгөн. Бул убакыт аралыгында МККнын жогорку мектебинде, кийин Тышкы чалгын академиясында да билим алып, көптөгөн маанилүү тапшырмаларда өзүн мыкты кадр катары көрсөтө алган. Кыраакы кызматкерге жетекчилик ишеним көрсөтүп, 1985-жылы СССРдин Германиядагы чалгынчылык кызматына жиберилген. Ал бул өлкөдө 5 жыл эмгектенип, армияга кошкон салымы үчүн Германиянын атайын сыйлыгына ээ болгон. Путин тышкы чалгын кызматында "Платов" каймана атын алып жүргөн. Себеби МККнын кызматкерлерине өз ысымы менен жүрүү кооптуу болгон.

Саясатка кадамын шаардык мэриядан баштаган

1990-жылы Орусияга кайтып келген Путинге Мамлекеттик коопсуздук комитетинин Тышкы чалгын кызматынынын жетекчилик кызматы сунушталган. Бирок бул кызматтан өз эрки менен баш тарткан. Ошол жылдын жазында ал өзү окуган Ленинград мамлекеттик университетинде ректордун эл аралык иштер боюнча жардамчысы болуп иштеп калат. Көп өтпөй Путиндин иштин көзүн билген өткүрлүгүн байкаган ректор Станислав Меркурьев аны Ленинград шаардык кеңешинин төрагасы Анатолий Собчакка кеңешчи кылып алууга сунуштаган. Болочок президент мына ушундайча саясат чөйрөсүнө кадам таштаган. 1995-жылы Анатолий Собчак Ленинграддын мэри болуп шайланганда Путин шаардык мэриянын тышкы байланыштар комитетинин төрагасы болуп дайындалган. Бул кызматта ал Санкт-Петербург шаарына (ред: 1992-жылы 16-майда Ленинград Санкт-Петербург болуп өзгөргөн) сырттан инвестиция тартуу боюнча бир топ алгылыктуу иштерди жасаган.

Президенттин мураскери аталып...

1996-жылы Анатолий Собчак губернаторлукка болгон шайлоодо жеңилип, Путин баш болгон командасындагы адамдардын бардыгы кызматтан кеткен. Бирок бир жылдан соң анын эл аралык мамилелер боюнча топтогон тажрыйбасы эске алынып, президенттик администрациянын жетекчисинин орун басарлыгына дайындалган. Анын саясий чөйрөдөгү айрым кадамдары ошол учурдагы президент Борис Ельциндин купулуна толуп, Кремлдеги эң маанилүү адамдардын катарына аралаша баштаган. Путин андан кийин Коопсуздук боюнча федералдык кызматтын директору (1998), Коопсуздук кеңешинин катчысы (1999) кызматтарында иштеген. 1999-жылы Борис Ельцин Путинди "мураскерим" деп атаган.

Террорчуларга каршы күрөштө таанылган

1999-жылы 9-августта Чеченстан менен Дагестандагы террордук чабуулдар Орусия үчүн аталган аймактарда жоготуп алуу коркунучун жараткан. Ошол убакта Борис Ельцин Путинди шашылыш түрдө премьер-министрдин милдетин аткаруучу кылып дайындаган. Путин террорчуларды Дагестандын аймагынан тазалоо операциясын жетектеп, 15-сентябрда Дагестандын чек арасын бекемдеп калууга жетишкен. Бирок террорчулардын жардырууларынан улам 300дөн ашык жай тургундун өмүрү кыйылган. Андагы салгылаштар Путиндин президенттик жарышта жеңип чыгышына чоң себепчи болгону айтылат.

Президенттик жылдар

1999-жылы 31-декабрда Борис Ельцин мөөнөтүнөн мурда отставкага кетип, өлкө башчылык милдетти аткаруу Путинге өткөн. 2000-жылы 26-мартта президенттик шайлоо өтүп, анда 51,95 пайыз шайлоочунун добушу менен жеңип чыгып, расмий түрдө президенттик кызматка киришкен.

2004-жылы 14-мартта өткөн кезектеги президенттик жарышта 71,31 пайыз добуш менен экинчи мөөнөткө мамлекет башчысы болуп шайланган.

2008-жылы 7-майда президенттикти өзүнүн администрациясынын мурдагы жетекчиси Дмитрий Медведевге өткөрүп берген. Ал эми өзү Медведевдин жарлыгына ылайык, өкмөттүн төрагалыгына дайындалган.

2012-жылдын 4-мартындагы президенттик шайлоодо шайлоочулардын көп бөлүгү Путинге ишеним артып, 63,6 пайыз добуш менен жеңишти камсыздаган. Муну менен ал Дмитрий Медведевди өкмөт төрагасы кылып дайындап, ал эми өзү үчүнчү ирет өлкө башчылык кызматына киришкен.

2018-жылы 18-мартта Орусияда кезектеги шайлоо жараяны орун алып, бул жолу да Владимир Путин 76,69 пайыз добуш менен атаандаштарын жеңип чыккан жана төртүнчү мөөнөткө президент болуп шайланган. Төрага Дмитрий Медведев болсо премьер-министрлик кызматка бекитилген.

2020-жылы Конституцияга киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, Владимир Путин 2024-жылдагы шайлоого да катышууга мүмкүнчүлүк алды.

Дүйнөнүн эң таасирдүү адамы

2013-жылы Forbes журналынын тандоосуна ылайык, Владимир Путин "дүйнөнүн эң таасирдүү адамы" деп табылган. Рейтингдин түзүүчүлөрү Путинди мамлекеттин күчүн эл аралык аренада мыкты көрсөткөнү үчүн бул орунга татыктуу деп билдиришкен. Ал бул тизмеде АКШнын ошол кездеги президенти Барак Обаманы 2-орунга калтырган. Путин аталган рейтингде 4 ирет лидерлик позицияны ээлеген. Эл аралык эксперттер Путинди дүйнөнүн бардык өлкөсүнө, ал тургай улуу держава болгон АКШнын саясатына да өз таасирин тийгизе алган дүйнөлүк лидер катары сыпаттап келишет.

Бир катар даректүү тасмага каарман болгон

Владимир Путин жөнүндө режиссёрлор тарабынан көптөгөн даректүү тасмалар тартылган. Алардын арасында "Белгисиз Путин", "Путиндин жолдошу", "Путин системасы", "55", "Дубал", "Орусия жана Батыш", "Туңгуюктагы көпүрө", "Мен Путин" жана "Портрет" сыяктуу тасмалар белгилүү.

Үй-бүлөсү

Орусиянын президенти 1983-жылы 30 жашында Людмила Александровна аттуу айымга үйлөнгөн. Бирок 2013-жылы телеканалдардын бирине берген маегинде өлкө башчысы Людмила Александровна экөө өз ара макулдашуунун негизинде ажырашышканын билдирген. Жубайлардын Мария (1985-жылы төрөлгөн) жана Катерина (1986-жылы төрөлгөн) аттуу кыздары бар. Алардын жогорку билим ээлери экендиги белгилүү. Андан башка маалыматтар интернет булактарында кездешпейт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан