20-ноябрда Башкы прокуратура тарабынан камакка алынган депутат Ахматбек Келдибековдун тарапташтары митингге чыгууну улантышууда. Учурда Алай районунун Сопу-Коргон айылында 3 боз үй тигилип, жол эки тараптан тең тосулган. Митингге чыккандардын саны 500гө жакын. Бул тууралуу митингди уюштуруучулардын бири Марипат Осмоналиева билдирет. Жолдун тосулуусунан улам токтогон жүк ташуучу унаалар 1 чакырымга жакын аймакты ээлеген. Ушул мүнөттөрдө уюштуруучулар Ош шаарынын борбордук аянтында да митинг өткөрүүнү пландап, уюштуруу иштери менен жүрүшөт.
Эске салсак, Башкы прокуратура тарабынан Жогорку Кеңештин депутаты Ахматбек Келдибековго карата Кылмыш жана жаза кодексинин "коррупция" жана "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренелерине ылайык кылмыш иши козголуп, 20-ноябрда камакка алынган.