Өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев телерадио кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады

Бүгүн премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев телерадио кызматкерлерин 6-декабрда белгиленчү кесиптик майрамы менен куттуктады. "Урматтуу телерадио кызматкерлери! Кымабаттуу журналисттер! Өкмөттүн жана өзүмдүн атымдан сиздердин кесиптик майрамыңыздар менен чын жүрөктөн куттуктайм! Биздин өлкөнүн жана мекендештерибиздин турмушунда теле жана радионун ролу өтө бийик. Телевизор биздин күнүмдүк жашообуздун ажырагыс бөлүгүнө айланды",- деп айтылат куттуктоодо. Андан ары өкмөт башчы телерадио тармагындагы жетишкендиктерге токтолуп, журналист, режиссёр, операторлордун эмгегин баса белгилеп, аларга бекем ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт, чыгармачылык жетишкендиктерди каалады.   
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан