Түндүк-Түштүк альтернативдик унаа жолун курууга 850 миллион доллар сарпталат

Кыргызстандын Түндүк-Түштүк альтернативдик унаа жолун курууга кетүүчү каражаттын суммасы 850 миллион долларга бааланды. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Транспорт жана байланыш министрлигинен маалымдашты. 
Маалыматка караганда, Түндүк-Түштүк альтернативдик жолу үч этаптан курулат. 154 чакырымды түзгөн Кызыл-Жылдыз-Арал айылдары менен Казарман-Жалал-Абад шаары аркылуу өтө турган жолдун курулушу 1-этапты түзүп, ага 400 миллион доллар сарпталат. 2-этапты 96 чакырымга созулган Арал-Казарман айылдары аркылуу өтө турган жолдун курулушу түзөт. Бул аймакта 0,7 чакырымга созулган тоннель курулуп, аны ишке киргизүүгө 284 миллион доллар чыгымдалат. Балыкчы шаары менен Кызыл-Жылдыз (узундугу 183 чакырым) айылы аркылуу өтө турган жолдун курулушу 3-этапты түзүп, аны курууга 166 миллион доллар жумшалат. 
Министрликтин маалыматында, Түндүк-Түштүк альтернативдик жолу түндүктөн Орусия менен Казакстандын, түштүктөн Тажикстандын жолдоруна кошулуп, Өзбекстанды айланып өтүүгө мүмкүн болгон Орусия-Тажикстан транзиттик коридорун ишке киргизүүгө жардам берет. Мындай мүмкүнчүлүк Кыргызстан менен Тажикстандын Бажы биримдигине кирүүсүнө мыкты шарт түзөт. Кыргызстандын Түндүк-Түштүк альтернативдик унаа жолун куруунун 1-этабын Кытайдын экспорт-импорттук банкы каржылайт. Ал жылына 2%дык үстөк менен 20 жылга насыя берип, Кыргызстан аны 11 жылдан кийин төлөй баштайт.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан