ТИМ: Орусияда 2414 кыргызстандык жаран абакта отурат

Орусия менен Казакстандан 2894 кыргызстандык жаран жаза мөөнөтүн өтөп жатат. Муну ЖКнын Эл аралык иштер боюнча комитетинин 25-ноябрдагы жыйынында тышкы иштер министринин орун басары Эринес Оторбаев айтты. Айтымында, алар чек араны мыйзамсыз кесип өткөндөр, баңгизат жана башка кылмыштар боюнча соттолгондор. Орусияда 2414, Казакстанда 318 кыргызстандык жаран абакта. Депутат Жоомарт Сапарбаев ("Ата Мекен") коңшу өлкөлөрдөн уюшкан кылмыштуу топтун канча мүчөсү кармалганын сурады эле, Оторбаев Тышкы иштер министрлигинде мындай маалымат жок экенин айтты. Башка депутаттар мындай маалыматты Тышкы иштер министрлиги билүүсү керектигин айтты. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан