Ош. Алай районунда жол тосулганына байланыштуу кошумча посттор уюштурулду

20-ноябрда Башкы прокуратура тарабынан камакка алынган депутат Ахматбек Келдибековдун тарапташтары Ош-Эркечтам жолунун Тамчы участкасында жол тоскондугуна байланыштуу чектөөлөр киргизилүүдө. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгы билдирди. 

Митингчилер жолдон унааларды өткөрбөй жаткандыгына байланыштуу Ош-Эркечтам жолунун эки тарабына пост коюлган. Учурда посттор Оштон Алайды көздөй бараткандагы Каратай айылына жана Эркечтам тараптан Сары-Таш айылына коюлду. Ал оор жүк ташуучу унааларды жана жеңил автоунаа ээлерине жолго чыкпай турууну эскертип, чектөөлөрдү киргизүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан