Бишкекте бүгүн, 25-ноябрдагы маалымат жыйынында Кыргыз Республикасынын экономика министри Темир Сариев “Орусия менен Казакстан соода-сатыктагы башкы өнөктөшүбүз болуп эсептелет” деп билдирди.
Анын айтымында, дүйнөдөгү 140 мамлекеттин ортосундагы соода алмашуунун 43,9 пайызы Бажы биримдигине кирген өлкөлөрдө жүргүзүлүп, дүйнөлүк экспортто 32,4 пайыз, импорттун көрсөткүчү 47,8 пайызды түзөт. Кыргызстандын товар алмашуусунун көрсөткүчү Орусия менен 27,1 пайыз, Казакстан 14,6 пайыз, ал эми Беларусь менен 2,2 пайызды түзөт. Жалпысынан Кыргызстандын товар алмашуусу 7,503 миллиард доллар болсо, Бажы биримдигиндеги өлкөлөр менен товар алмашуу 3,292 миллиард доллардын тегерегинде жүргүзүлөт.
“Аталган өлкөлөр менен соода-сатыктын шарттары өзгөрүлсө, Кыргызстандын бардык тармактарына, экономика, казынага таасирин тийгизет”,- деди министр.
Мындан сырткары Бажы биримдигине кирген өлкөлөрдөн импорт да өлкө үчүн маанилүү экенин белгилеп өттү. “Биз биримдикке кирген өлкөлөрдөн стратегиялык мааниге ээ товарларды алып келебиз. Күйүүчү май, буудай, металл, мунай зат жана башка мамлекет үчүн маанилүү товарлар импорттолот”,- деди Сариев.