Кыргызстанда ымыркайлардын төрөлүүсү азаюуда

Кыргызстанда 2013-жылы ымыркайлардын төрөлүү саны былтыркы жылга салыштырмалуу төмөндөп кетти. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети билдирет. 
Маалыматка караганда орто эсеп менен 2013-жылдын январь-октябрь айларында 1000 адамга 27 (2012-жылы 10 айда орто эсеп менен 28 ымыркай төрөлгөн) ымыркайдын төрөлүшү туура келген. 
Бала эң көп төрөлгөн аймак катары Талас, Жалал-Абад, Ош жана Баткен облустары катталган. Бул аймактарда 1000 адамга 28-31ге чейин жаңы төрөлгөн ымыркай туура келет. Ал эми бала аз төрөлгөн аймактарга Бишкек, Ош шаарлары менен Нарын, Чүй облустары кирет. Бул жерлерде 1000 адамга 25-26 баланын төрөлүшү туура келген.
Ымыркайлар эң аз төрөлгөн аймак катары Ысык-Көл облусу катталды. Бул аймакта 1000 адамга 24 бала ымыркай туура келет экен.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан