"Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүү учурунда атайын
фонд түзүлүшү керек”-деди Кыргыз Республикасынын экономика министри Темир Сариев
бүгүн, 25-ноябрда болгон маалымат жыйынында журналисттерге.
Министрдин айтымында, “Кыргызстан Бажы биримдигине кирип, башкалар
үчүн өз рыногун ачып жаткандыктан атайын фонд болушу керек. Бул фонд Кыргызстанга
кайтарымсыз акча берип, ал аркылуу өкмөт инфляциянын жогорулап кетпөөсүн көзөмөлдөп
туруусу шарт. Орусия тарап бул фондду түзүүнүн кажети жоктугун белгиледи. Алар
Кыргызстан экономикалык жактан кыйын абалга тушукса, "каатчылыкка каршы фонддон" насыя алып, абалдан чыкса болот деген пикирин билдиришүүдө. Биз фонд түзүү
багытында сүйлөшүүлөрдү дагы жүргүзөбүз. Эгерде атайын фонд түзүлбөсө, мамлекетте
кымбатчылык болуп, экономикада кыйынчылыктар жаралат”,-деди министр өз сөзүндө.