21-Март - Нооруз майрамына карата мамлекеттик кызматкерлер 3 күн катары менен эс алышат. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин өндүрүштүк календарында көрсөтүлөт.
Ага ылайык, 21-март дүйшөмбүгө туура келгендиктен мамлекеттик кызматкерлер 3 күн, тагыраагы ишемби, жекшемби жана дүйшөмбү күнү эс алышат.