20-ноябрда Башкы прокуратура тарабынан камакка алынган депутат Ахматбек Келдибековдун тарапташтары Алай районунун Сопу-Коргон айылында жол тосууну улантышууда. Учурда Ош облустук ички иштер башкармалыгынын, райондук жетекчиликтин жана жергиликтүү бийликтин өкүлдөрүнүн митингчилер менен болгон түшүндүрүү иштеринен кийин жеңил автоунааларга жол ачылды. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Жеңишбек Ашырбаев билдирди.
Ал эми оор жүк ташуучу унаалар токтоп турат. Эки тараптан тең токтоп турган оор жүк ташуучу унаалардын саны 200гө чукул.