
Тышкы иштер министрлиги уюштурган учак Польшадан 16-мартта өлкөгө учуп келет. Бул тууралуу Украинадагы Кыргыз өлкөсүнүн элчиси
Идрис Кадыркулов Фейсбуктагы баракчасына жазып чыкты.
"16-мартта Польшадан Тышкы иштер министрлиги уюштурган акыркы бекер учак учурулат. Ошондуктан бардыгыңыздарды Львов шаары аркылуу Польшага өтүп кетүүнү сунуштоо менен бирге, Украинанын аймагынан чыгып кетүү керек экендигин баса белгилейбиз", - деп жазып калтырган ал.
Мындан тышкары ал Львов шаарына бекер эвакуациялык поезд, же болбосо, такси жана автобустар менен келсе болорун кошумчалаган.