Өлкөдө күйүүчү майдын бир айга жетпеген запасы бар. Бул тууралуу Нефтетрейдерлер ассоциациясынын президенти Канат Эшатов Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
"Бүгүнкү күндө өлкөдө күйүүчү майдын бир айга жетпеген запасы бар. Орусияда жайгашкан нефть иштетүүчү заводдордон чоң партияда күйүүчү майды ала албай жатабыз. Ал эми учурда кичи партиялар келүүдө. Келишимдер түзүлгөн.
Бул боюнча өкмөткө сунуштарды бергенбиз", - деп билдирди Эшатов.