Кыргызстанда бүгүн, 25-ноябрда тоо лыжасынын сезону расмий түрдө ачылды. Муну маалымат жыйында Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы Туризм департаментинин башчысы Максат Чакиев билдирди. Анын айтымында, өлкөдө 23 тоо лыжа базасы бар. “Бүгүнкү күндө 18 тоо лыжа базасы туристтерди кабыл алууга даяр”,- деди Чакиев.