Темир Сариев, министр: “Өкмөт "Кумтөр" боюнча макулдашуунун долбоорун даярдап жатат”

Кыргыз Республикасынын экономика министри Темир Сариев бүгүн, 25-ноябрдагы маалымат жыйынында кыргыз өкмөтү канадалык “Центерра Голд Инк.” компаниясы менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жаткандыгын айтып, "Кумтөр" боюнча макулдашуунун долбоору үч вариантта даярдалганын билдирди. 
Анда Кыргызстандын үлүшүн 67 пайызга жеткирүү жазылган. “Биз макулдашуунун долбоорун даярдашыбыз керек. Бирок канадалык тарап макулдугун береби, азырынча белгисиз. Сүйлөшүүлөр азырынча бүтө элек. Азыр макулдашуунун толук пакетин даярдап жатабыз”,- деди министр.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан