“Ош-Эркечтам жолун тоскондорго карата кандай чара көрүлөрү боюнча азырынча эч нерсе айта албайм”. Муну SUPER.KG порталына бүгүн, 25-ноябрда КРнын Коргоо, коопсуздук жана чек ара маселелери боюнча вице-премьер-министри Токон Мамытов билдирди. Айтымында, бардык иш мыйзам жолу менен чечилиши керек. “Жол тоскондор боюнча жергиликтүү бийлик жетекчилиги түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатат”,- деди Мамытов.
Эскерте кетсек, Алай районунда жол тоскондор жеңил унааларды өткөрүп жатканы белгилүү болду.