Бакыт Аманбаев: “Авиакомпаниялар "Жүк 200дү" акысыз алып келиши керек”

Кыргыз Республикасынын акыйкатчысы Бакыт Аманбаев 25-ноябрда журналисттер менен жолугушуусунда Орусиядагы мигранттардын көйгөйлөрү тууралуу айтып берди.
Анда "Жүк-200дү" (адамдын сөөгүн мекенине кайтаруу) авиакомпаниялар акысыз алып келиши керектигин айтты. Акыйкатчынын айтымында, жыл сайын Орусиядан Кыргызстанга 200гө жакын "Жүк 200" жөнөтүлөт. Ар бир жөнөтүү 80 миң рубль турат. 
“Каражат жагы мигранттар үчүн кыйынчылыкты жаратат. Коңшу өлкөлөрдүн авиа компаниялары көйгөй тууралуу билгенде жардам берип, "Жүк 200дү" акысыз алып келишет. Ал эми Бишкек-Санкт-Петербург авиа каттамында иш алып барган компания "Жүк 200дү" акысыз алып келүүдөн баш тартууда”,- деди Аманбаев. 
Мындан сырткары өкмөт лицензия берип жатканда "Жүк 200дү" акысыз алып келишин талап кылуусу керектигин кошумчалады.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан