Депутаттар Бишкекте эски унаалардын жүрүшүнө тыюу салууну сунуштоодо

Жогорку Кеңеште бүгүн, 25-ноябрда Бишкекте эски автоунаалардын жүрүшүнө тыюу салуу сунушталды. Муну Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана аймактык өнүгүү комитетинин жыйынында депутат Эсенгул Исаков айтты. Депутат ушундай жол менен шаардын тазалыгына жана экологияга кам көрүү керек деп эсептейт. “Эски унаалардан абага зыяндуу газ көп өлчөмдө бөлүнүп чыгууда. Мындай унаалардын кыймылын токтотуу зарыл”,- деди депутат. 

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан