Депутат Ахматбек Келдибековдун жубайы Аида Токтоматова журналисттерден кечирим сурады. Ал муну маалымат булактарынын бирине билдирди. Келдибековдун баш коргоо чарасы тандалып, аны 2 айга камакка алуу чечими чыкканда журналисттерге катуу сөз айтканын моюнга алды Токтоматова. “Эмоцияга алдырып журналисттерди капа кылып алган окшоймун. Жалпы журналисттерден кечирим сурайм, силер деле мени түшүнгүлө. Кыргыздын мыкты жигити, Кыргызстан үчүн иштеген жигитти айыптап жатса абдан нааразы болдум”,- дейт депутаттын жубайы.
Эскерте кетсек, 22-ноябрда Октябрь райондук соту депутат Ахматбек Келдибековду УКМКнын СИЗОсуна 2 айга камоо чечимин чыгарганда Аида Токтоматова "Дело №" гезитин, КТРК, ЭлТР, 5-каналды туура эмес маалымат тараткандыгы үчүн сотко берерин айткан. "Тизмеге бизде жок байлыктар да кошулуп көрсөтүлүптүр. Байлыкты таза жол менен иштеп тапканыбызды далилдеп, жолдошумду күнөөлөгөндөрдү чөгөлөтөм",- деген болчу Токтоматова.