Ош. Шаарда 30га чукул адамдын катышуусунда митинг өтүп жатат

Ош шаарынын борбордук аянтында 20-ноябрда Башкы прокуратура тарабынан камакка алынган депутат Ахматбек Келдибековдун тарапташтары депутатты бошотуу талабы менен митингге чыгышты. Митингчилердин саны болжол менен 30га чукул. Учурда митинг өтүп жаткан борбордук аянтты укук коргоо кызматкерлери көзөмөлдөөдө. 

Эскерте кетсек, 19-ноябрда Башкы прокуратура Ахматбек Келдибековго Кылмыш кодексинин 303-беренеси, 304-беренелери  боюнча кылмыш ишин козгоп, УКМКнын тергөө абагына камалган. Депутат 2005-жылдары Социалдык фонддун төрагасы болуп турган мезгилде 21 миллион сомдон ашык каражатты негизсиз короткон деп айыпталууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан