Кыргыз Республикасынын тышкы
иштер министри Эрлан Абдылдаев бүгүн, 25-ноябрда Бахрейндин Манама шаарында
өтүп жаткан “Азиядагы кызматташуу тууралуу диалог” уюмуна кирген мамлекеттердин
12-жыйынына катышууда. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирет.
Бул жыйында “Азия
мамлекеттери аралык туризмдин өнүгүүсү” аталыштагы теманын тегерегинде талкуу
болуп, анда туризмди өнүктүрүү жолдору, мамлекеттер аралык кызматташуу, туризмдеги
мүмкүнчүлүктөр тууралуу пикир алмашуулар болот. Кошумчалай кетсек, “Азиядагы
кызматташуу тууралуу диалог” уюмун негиздөө 2002-жылы Таиланд тарабынан сунушталган.
Анын максаты - Азиядагы аймактык форумдардын өз ара кызматташуусун өркүндөтүүдө
көпүрөлүк милдетти аткаруу. Бүгүнкү күндө бул уюмга Азия менен
Ыраакы Чыгыштан 33 мамлекет мүчө болгон. Кыргызстан бул уюмга 2008-жылы мүчө
болуп катталган.