Тажик айымдары “көптөн бери биз менен байланышпай, акча салбай жүргөн күйөөлөрүбүздү, жакындарыбызды мекенине кайтарып жибергиле!” деген кайрылуу менен тажик бийлигине жана Орусиянын федералдык миграциялык кызматына кайрылышкан.
Айымдардын бири Мохра Холова журналисттерге: “Жолдошум биз менен бир нече жылдан бери байланышпайт же акча салбайт. Орусия аны депортация кылса, балким, бизге кайтып келер” деп билдирген.
Ал эми Тажикстандын миграция комитети мындай маанидеги кайрылуулар ай сайын ондоп түшөрүн айткан.