Белгилүү суучул Владислав Шулико ислам динин кабыл алды. Бул тууралуу суучул ZIKR MEDIA каналына билдирген.
Анын айтымында, ислам динин кабыл алгандан кийин ой жүгүртүүсү өзгөргөн.
"Мен үчүн дагы башка дүйнө ачылды, бул менин жашоомдогу эң сонун күндөр. Баарыңарга жакшылык жана бейишке чыгышыңарды каалайм”, - деди Шулико.
Владислав Шулико Ысык-Көлдү сүзүп өтүүнү 22-августта Караколдон баштап марафонду 27-августта Балыкчыда ийгиликтүү жыйынтыктаган. Шулико бир катар эл аралык таймаштарга катышып, байгелүү орундарды ээлеп келген.