Кыргызстандын мигранттарынын 85 пайызы Москвада иштейт. Мындай маалыматты бүгүн, 25-ноябрда парламенттин Эл аралык иштер боюнча комитетинин отурумунда тышкы иштер министринин орун басары Эринес Оторбаев билдирди.
Эринес Оторбаевдин айтымында, учурда Орусия менен Казакстанда 593 миң кыргыз жараны иштейт. Алардын 133 миңден ашыгы эмгек келишиминин негизинде жумушка орношсо, 300 миңден ашыгы мыйзамсыз ишке орношкондор.