Жогорку Кеңештин Коргоо жана коопсуздук боюнча комитети 25-ноябрда Кыргызстанга жашыруун тыңшоого керектүү жабдууларды ташып келүү, орнотуу жана жашыруун тыңшоо укугун УКМКга гана бере турган мыйзам долбоорун колдоду.
УКМКнын төрагасынын орун басары Аман Мамбетсеитовдун айтымында, учурда мамлекет менен коомчулуктун коопсуздугу улам өсүп жатат. Мындай коркунуч жеке жарандардын да тынчын алууда. Мамлекеттик органдар гана эмес, жеке жактар да тыңшоочу жабдууларды колдонуп жатышат. Ошондуктан тыңшоочу аппараттарга көзөмөлдү күчөтүү керек.
Телефон тыңшоо процесси прокуратуранын көзөмөлүндө болот. Аны менен бирге, сот тарабынан телефон тыңшоо мөөнөтү да алдын ала так аныкталууга тийиш.
Мыйзам долбоору экинчи окууда колдоо тапты.