Урматтуу колдонуучу, сизде өкмөткө, ага тиешелүү министрликтерге берилүүчү суроолор жана чечилбеген маселелер барбы? Анда «Суперстандагы» «Өкмөт жооп берет» бөлүмүнө суроолоруңузду калтырыңыз. Суроолоруңузга тиешелүү тармактардын адистеринен жооп алып берүүгө даярбыз.
Суроо: - Жашым 30да. 1-топтогу майыпмын. 4 балам бар. 2867 сом пенсия алам. 0.32 сотых жер үлүшүм бар, бирок үйүм жок. Тиешелүү мекемеге кайрылсам, “Пенсия алат экенсиң. Балдарыңа жөлөк пул берилбейт” деп коюшту. Алган пенсиям эч нерсеге жетпейт. Эмнеге балдарыма жөлөк пул ала албайм, толук маалымат берип койсоңуздар?
Жооп: - Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 29-декабрынын «Мамлекеттик жөлөк пулдар жөнүндө» №318-мыйзамына ылайык, балдары бар, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө ай сайын берилүүчү жөлөк пул үй-бүлөнүн кирешесине жараша чектелет. Башкача айтканда, аз камсыз болгон үй-бүлөдө жашаган ар бир жан башына кепилденген эң төмөнкү киреше өлчөмүнөн (2013-жылдын 1-ноябрынан тарта 640 сом) ашпаган учурда дайындалат. Эгерде сиз 2867 сом пенсияны Социалдык фонд тарабынан алсаңыз, ал киреше катары эсептелинет. Жогоруда жазылгандай, үй-бүлөнүн кирешесине жараша чектелет.
Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 29-декабрындагы №824-токтому менен бекитилген «Балдары бар, аз камсыз болгон үй-бүлөнүн ай сайын берилүүчү жөлөк пулун чектөө үчүн үй-бүлөнүн жалпы кирешесин аныктоонун тартиби жөнүндө» жобого ылайык, негизги иши, кызматы, окуусу боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык төлөнүүчү пенсиялар, алименттер, фермердик, дыйкан чарбалардын жана чарба жаныбарларын пайдалануудан түшкөн кирешелер үй-бүлөнүн жалпы кирешесине кирет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 9-августундагы №457-токтому менен бекитилген «Ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдарга санаторий-курорттук дарыланууга жолдомолорду берүү тартиби жөнүндө» жобого ылайык, сиз 1-топтогу майып катары 5 жылда бир жолу акысыз, медициналык көрсөткүчтөрдүн негизинде 1-топтогу майыпты узатып жүргөн адамга 50 пайыздык жеңилдик менен жолдомо алууга укуктуусуз.
Суроого Социалдык өнүктүрүү министрлигинин ММКлар менен иштөө боюнча адиси Кымбат Кадыралиева жооп берди.
Эгер сизде да суроолор болсо, анда "Өкмөт жооп берет" бөлүмүнө кириңиз.