Агрардык саясат комитети республикалык бюджет боюнча мыйзам долбоорду кийинки аптада кайра карайт

Бүгүн, 25-ноябрда парламенттин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча комитетинин жыйынында “КРнын 2014-жылга республикалык бюджети жана 2015-2016-жылдарга болжолу жөнүндө” мыйзам долбоору каралды.

 

Каржы министринин орун басары Арзыбек Кожошев берген маалыматка ылайык, 2014-жылы республикалык бюджеттин киреше бөлүгү 92,8 миллиард сом, чыгаша бөлүгү 110,8 миллиард сом болот. Ал эми бюджеттин дефицити 17,9 миллиард сом деп белгиленди.

 

Депутат Сайдулла Нышанов ("Ата Мекен") агрардык тармак боюнча каралган акча көбөйбөгөнүн айтып, айлана-чөйрөнү коргоо, токой чарба кызматкерлеринин айлыктары өтө аз экенин билдирди.

Ал эми депутат Эсенгул Исаков министрликтерде иштеген кызматкерлердин айлыктарын бирдей өлчөмдө кылуу керектигин айтты.   

Жыйынтыгында келерки жылдын бюджети кийинки аптада комитет жыйынында кайра каралмай болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан