Жогорку Кеңештин Коргоо жана коопсуздук комитетинде бүгүн, 25-ноябрда диний экстремизмге каршы күрөшүүгө байланыштуу мыйзам долбоору каралып, колдоо тапты. Мыйзам экстремисттик топтордун символ, атрибуттарын ММКлар аркылуу коомчулукка жарыялоого тыюу салат. Эгер сот кайсы бир уюмду экстремисттик деп тапса, аларды пропагандалоого да тыюу салынмакчы.
Турсунбай Бакир уулу демилгелеген бул мыйзам долбоору экинчи окууда колдоо тапты.